Москвада Кыргызстандын Улуттук көргөзмөсү ачылды

5-февралдан 9-февралга чейин Москва шаарында өтүп жаткан эң ири эл аралык «ПродЭкспо-2024» аянтында Кыргызстандын Улуттук көргөзмөсү ачылды. ТИМден билдиришкендей, көргөзмө кыргыз-орус ишкерлер кеңеши тарабынан Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин жана КР Соода-өнөр жай палатасынын Россиянын Борбордук Федералдык округундагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен уюштурулган.

 

Кыргызстандын Улуттук көргөзмөсүндө экспортко багытталган беш кыргызстандык компания, ал эми өнөр жай павильондорунда үч компания өзүнчө стенддерин ачты.

 

Бул иш-чаранын алкагында Жалал-Абад облусунан келген жаңгак жана жаңгак азыктарынын презентациясы менен Жаңгак өстүрүүчүлөр ассоциациясынын дараметинин расмий бет ачары болуп өттү.

 

Ошондой эле кыргыз тарап менен Россия соода-өнөр жай палатасынын, РКДС жана МСП корпорациясынын өкүлдөрүнүн ортосунда Кыргызстандын жаңгактарды жана башка экспортко багытталган продукциясын Россиянын рынокторуна мындан ары жылдыруу жана 2024-жылга биргелешкен кызматташуу үчүн пландары боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр болду.