Кыргызстанда эми пенсиянын топтомо бөлүгүн жарандар турак жай сатып алууда баштапкы жана кошумча төгүм катары алса болот

Кыргызстанда эми пенсиянын топтомо бөлүгүн жарандар турак жай сатып алууда баштапкы жана кошумча төгүм катары алса болот. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.

 

Пенсиянын топтомо бөлүгү иштеген жылдарга эмес, төлөгөн акчасына жараша эсептелет. Жалпы иштеген жылдардын айлыктары эсептелип, ошонун 2 пайызы топтомо бөлүк катары берилет.

 

Буга чейин пенсиянын топтомо бөлүгү пенсияга жаңы чыккан учурда, башка мамлекетке жашаганы кетип жатканда, жүрөгүнө же онкологиялык жактан операция боло турган учурда, ипотеканын баштапкы төлөмүнө жана насыянын өзүн да жабууга берилип келген.