Эл аралык уюмдар Кыргызстанга дээрлик 10 миллион евро бөлөт

Швейцариянын, Германиянын өкмөттөрү жана Евробиримдиктин структуралары Кыргызстанга дээрлик 10 миллион евро бөлөт. Каражат жашыл экономика долбоорлорун өнүктүрүүгө жумшалат.

 

Акча грант түрүндө берилет, программанын өзү үч жылга эсептелген. Ар кандай тармактарда, анын ичинде энергетикада чакан жана орто бизнеске колдоо көрсөтүлөт.