Муфтий шайлоо боюнча курултай 29-майга жылды

Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын (муфтияттын) башчысын шайлоо боюнча Аалымдар кеңешинин курултайынын мөөнөтү жылып, 29-майга белгиленди.

 

Аалымдар кеңешинин катчылыгынын өкүлдөрү «Азаттыкка» билдиргендей, мындай чечим муфтийликке талапкерлерди караган Каттоо жана аттестациялоо комиссиясынын төрагасы Мамасабыр Досбол уулунун сунушун эске алуу менен кабыл алынды.

 

Досбол уулу буга чейин 5-апрелге белгиленген курултайды жылдырууну сунуштап, Аалымдар кеңешинин төрагасына кат жолдогон. Буга муфтийликке талапкерлердин жактоочуларынын бири телефон чалып, коркутканын, билими шайкеш келбегенине карабай Шакир Маматовду алдыга өткөрүүнү талап кылганын жүйө келтирген. Чүй облусунун казысы да комиссияга ушундай эле талап менен психологиялык басым кылып жатканын белгилеген. Комиссия мүчөлөрүнө мындан башка да басым-кысым болуп жатканын жарыялаган.

 

Натыйжада, талапкерлерди жана курултайдын делегаттарынын бул орунга ылайыктуу экенин жана алардын тыюу салынган экстремисттик уюмдар менен байланышын текшерип чыгуу үчүн убакыт керек деген негизде жыйындын мөөнөтүн бир айга жылдырып берүүнү Аалымдар кеңешинен суранган.

Катта аты аталган Шакир Маматов жана Чүй облусунун казысы өз дарегине айтылгандарга комментарий бере элек.

Аталган комиссия 17-мартта муфтийликке арыздарды кабыл алып, каттоону аяктаган. Муфтий болуу үчүн сегиз талапкер арыз берген. Алар:

1. Нурбек Токтогулов
2. Сайдамир Жээналиев
3. Султанали Гапуров
4. Убайдулла Сарыбаев
5. Шүкүр Исмаилов
6. Шакир Маматов
7. Нематилла Жээнбеков
8. Ниязали Арипов

Мындан тышкары курултайда Аалымдар кеңешине мүчөлөрү, муфтияттын Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы шайланууга тийиш. Аалымдар кеңешине мүчө болууга 75, Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагалыгына 21 киши арыз тапшырып, каттоодон өткөн.

Аалымдар кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгү, муфтийликке жана Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагалыгына сынак быйыл 17-февралда жарыяланган.

Быйыл 10-февралда УКМК мурдагы муфтий Максатбек Токтомушевди башкармалыктагы мыйзамсыз финансылык иштер боюнча козголгон кылмыш ишине шектүү катары кармаган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 12-февралда жашаган жеринен башка аймакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон.

11-февралда Аалымдар кеңеши кезексиз жыйынга чогулуп, Токтомушевдин муфтийликтен өз каалоосу менен баш тарткан арызын карап, канааттандырган. Азыр анын милдетин муфтийдин орун басары Жоробай Шергазыев аткарууда.