Майлуу-Суу лампа заводунда айнек идиштерди өндүрүү пландалууда

Майлуу-Суу лампа заводунда айнек идиштерди өндүрүү пландалууда.

 

Профилди алмаштыруу боюнча иштер башталды, — деп билдиришти Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинен.

 

Маалыматка ылайык, ошондой эле заводдо жарык диоддук лампалардын өндүрүшүн кеңейтип, дубалдарды жана полдорду жылуулоо үчүн айнек жүн чыгаруу пландалып жатат. Учурда даярдык иштер жүргүзүлүп, жаңы продукция ушул жылдын аягында чыгарылып калат деп күтүлүүдө.