Кыргызстанда жылдын биринчи кварталында орточо маяна 17 миң 765 сомду түздү

Кыргызстанда жылдын биринчи кварталында орточо маяна 17 миң 765 сомду түздү.

Бул тууралуу улуттук статистика комитети билдирет. Айлык былтыркы жылдын аталган

мөөнөтүнө караганда дээрлик бардык ишкана жана уюмдарда жогорулады.

Маянанын көбөйүшү боюнча саламаттыкты сактоо тармагы алдыда 27 пайыз менен турат.

Айлык акынын өсүшү илимий, техникалык, мамлекеттик башкаруу жана коргоо тармактарында да байкалды.