Нарын облусунун кире беришине блок-посттор орнотулду. Аймактын ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, бул облуска коронавирусту киргизбөө жана коомдук коопсуздукту сактоо үчүн жасалууда.
Блок-посттор Сары-Чат, Сары-Камыш, Ак-Тал-Чат айылдарында пайда болду. Анын ар биринде милиция, санэпидем көзөмөл кызматкерлери жана дарыгерлер нөөмөттө турат.