1-майдан тарта ишке кирген объектилер катуу көзөмөлгө алынышы керек

1-майдан тарта ишке кирген объектилер катуу көзөмөлгө алынышы керек. Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов белгилегендей, май куюучу жайларда жарандарга касса жайгашкан имаратка кирүүгө, май куюучу жабдыктардын колдон колго өтүшүнө уруксат берилбейт.

 

Ошондой эле такси кызматтары унааны күнүнө бир нече жолу дезинфекциялап, экиден ашык жүргүнчү салбашы зарыл.

 

Кыргызстанга кирип жаткан жүк ташуучуларда COVID-19 инфекциясынын бар-жогун текшерүүнү күчөтүү керек, — деди биринчи вице-премьер. 1-майда өндүрүш, өнөр жай, курулуш, соода тармагы, такси кызматы ишке кирди.