Бишкекте доллар курсу 80 сомдон түштү

Бишкекте доллар курсу 80 сомдон түштү. Valuta.kg порталынын маалыматына ылайык, учурда ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны  77 сом 10 тыйындан сатып алып, кайра 77 сом 55 тыйындан сатышууда. Эске салсак, кечээ кечинде доллар дээрлик 13 сомго көтөрүлүп, 85 сомго жетти.

 

Улуттук банк болсо, дүйнөлүк валюта рыногуна чыгып, 3,5 миллион доллар сатты. Өлкөнүн башкы каржы мекемесинин башчысы Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, доллар кунунун кескин көтөрүлүшү Россия жана Казакстандагы абалга байланыштуу. Жакынкы күндөрү курс оз калыбына келет, — деди Абдыгулов.