Нарында айдоочуларга кышкы сезонго даярдыктар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Нарын облусунун аймагында туруксуз аба ырайынын күтүлүшү менен Нарын ОИИБи боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

 

Билдирүүгө ылайык, облустун аймагындагы автобекеттерде коомдук транспорт жана жеңил такси менен жүргүнчү ташуучу жана шаар аралык каттамдарда каттаган жоопкерчилиги чектелген коомдордун айдоочуларына жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөктөргө алмаштыруу, жол кыймылынын эрежелерин, айрыкча ылдамдыкты так сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.