Кыргызстанда темир жол транспортун тандагандар көбөйдү

Кыргызстанда темир жол транспортун тандагандар көбөйдү.

“Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришкендей, жарым

жылдын ичинде 118 миңден ашык жүргүнчү кыргыз темир жол

аркылуу жеткирилди. Бул, былтыркы жылдын ушул эле мезгилине

салыштырмалуу жүргүнчүлөрдүн саны 46 миңден ашык адамга көбөйдү.

Андан тышкары, быйыл жарым жылдыкта 3,4 миллион тонна жүк

поезд менен ташылды, бул былтыркыга салыштырмалуу 9 пайызга көп.