Бириккен Араб эмирлигинде жана Россияда калып калган кыргызстандыктарга жардам берилет

Бириккен Араб эмирлигинде жана Россияда калып калган кыргызстандыктарга жардам берилет. Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, биздин өлкөнүн БАЭдеги элчилигине 5 миллион сом, ал эми Россиядагы дипломатиялык өкүлчүлүккө  10 миллион сом берилди.

 

Бул акчага дипломаттар кыргызстандыктарга жашоо шартын түзүп берип, азык-түлүк менен камсыздашы керек. Өкмөттөн белгилешкендей, элчиликтин кызматкерлери мекендештердин башка суроолорун дагы чечишүүдө.