2019-жылга салыштырмалуу быйыл салыктын көлөмү 22 миллиард сомго көбөйдү

Өлкөдө октябрь айында 9 миллиард 921 миллион 800 миң сом суммасында салыктар жана төлөмдөр жыйналды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, план 42 миллион 300 миң сомго ашыкча аткарылды. 2020-жылдын октябрь айына салыштырмалуу салыктардын жана төлөмдөрдүн түшүүсү 2 миллиард 330 миллион 800 миң сомго көбөйдү же өсүү темпи 130,7 пайызды түздү.

 

Жалпысынан 2021-жылдын январь-октябрь айларында Мамлекеттик салык кызматы тарабынан болжонгон 82 миллиард 688 миллион 800 миң сомдун ордуна 85 миллиард 770 миллион 500 миң сом суммасында салыктар жана төлөмдөр жыйналган.

 

«Белгиленген план 103,7 пайызга аткарылды же 3 миллиард 81 миллион 700 миң ​​сомго ашыгы менен аткарылды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 23 миллиард 124 миллион 400 миң сомго көп же өсүү темпи 136,9 пайызды түздү.

 

2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүүлөрдүн көлөмү 22 миллиард 603 миллион 200 миң сомго көбөйдү же өсүү темпи 135,8 пайызды түздү«, — деп айтылат маалыматта.