Бишкектиктер Лев Толстой көчөсү аркылуу коомдук транспорт кое берүүнү суранышууда

Бишкектиктер Лев Толстой көчөсү аркылуу коомдук транспорт кое берүүнү суранышууда. Көчөнүн Жаш Гвардия бульварынан 7-апрелге чейин тилкесинде жашаган жана иштеген жарандар көп, алар же жөө басып, же такси чакырууга аргасыз.

 

Соңку 10 жылдан бери тургундар бул суроону көтөрүп келгени менен, андан майнап чыга элек. Белгилеп кетсек, аталган көчө аркылуу коомдук транспорт такыр жүрбөйт.