Нарынга дарыгерлердин үчүнчү тобу жөнөп кетти

Нарынга дарыгерлердин үчүнчү тобу жөнөп кетти.

Бишкектен кеткен ыктыярчылардын курамында 7 дарыгер бар, — дешти

Саламаттыкты сактоо министрлигинен. Алар аймакта 10 күн бою

кесиптештерине коронавирус менен курөшүүгө жардам беришет.

Ар бир кызматкер тиешелүү медициналык каражаттар менен камсыздалды.

Мыйзамга ылайык, аларга да кошумча маяна төлөнүп берилет. Эске салсак,

буга чейин Бишкектен аймактарга дарыгерлердин 8 тобу жөнөтүлгөн.