Кыргызстанга Россиядан адамдагы вирусту тез арада аныктоочу реагенттер алынып келди

Кыргызстанга Россиядан адамдагы вирусту тез арада аныктоочу

реагенттер алынып келди. Ал каражаттар 500 жолу вирусту аныктоого жетет.

Өлкөдө бул медициналык каражатка тартыштык жок. Учурда Кытайдан

келген бардык жарандар текшерүүдөн өтүп жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка»

саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдирди.

Акыркы маалыматтарга караганда, Кыргызстанда өпкөнү сезгенткен

коркунучтуу оорунун белгилери бар адамдар каттала элек. Кечээ Кытайдын

Саламаттык сактоо комиссиясы вирустан 425 киши каза тапканын,

ооруну жугузуп алгандардын саны 20 миңден ашканын билдирди.