Кыргызстанда 140тан ашык саламаттык сактоо уюму санариптик башкарууга өттү

Кыргызстанда 140тан ашык саламаттык сактоо уюму санариптик башкарууга өттү.

Саламаттык сактоо миистрлигинин маалыматына караганда, бул жаатта жалпысынан 350дөн ашык жооптуу кызматкерлер окутулду.

Белгиленгендей, бул системаны колдонуу тармактын жетекчилигине ар бир саламаттыкты сактоо уюмунун ресурстары жана штаттык саны жөнүндө керектүү маалыматты тез арада онлайн режиминде алууга мүмкүндүк берет.