Кыргызстанда дагы 13 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, Бишкекте 3, Чүйдө 6, Нарында 2, Жалал-Абад облусунда 2 учур катталды.
Анын ичинде бир дарыгер, бир медайым бар. Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 708 болду.