Оштун базарларында эмдөө түйүндөрү ачылат

Оштун базарларында эмдөө түйүндөрү ачылат.

 

Бул тууралуу түштүк калаанын вице-мэри Эмиль Шадыханов билдирди. Анын айтымында, жакынкы арада Ош шаарына вакцинанын 110 миң дозасы жеткирилет.

 

Андыктан, массалык эмдөөнүн дагы бир этабы жүрөт. Буга байланыштуу, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, көчмө топтордун ишин күчөтүү, базар жана кичи базарларда каалоочулардын бардыгы вакцина алууга мүмкүнчүлүк берген эмдөө түйүндөрүн ачуу тапшырмасы берилди.