Тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү мүмкүн

Тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү мүмкүн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 26-марттан 28-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Төө-Ашуу, Ала-Бел, Чычкан капчыгайы, Өтмөк ашуусу, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная Горка-Ак-Таш, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Ош-Сары-Таш-Эркештам, Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык, Бишкек-Нарын-Торугарт, Казарман-Актал-Чат, Каракол-Эңилчек, Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолдорунда кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Мындан улам, айдоочулар унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты сакташы зарыл.