Ордо калаадагы Тыналиев көчөсүндө жашылдандыруу иштери жүрүп жатат

Ордо калаадагы Тыналиев көчөсүндө жашылдандыруу иштери жүрүп жатат.

Мэриянын маалыматына ылайык, учурда Масалиев көчөсүнөн Ахунбаевге чейинки жээкте иштер аткарылууда.

8-сентябрга карата 5 миң чарчы метр жерге көк майсан себилди. Бул жер алгач шагыл, таштандылардан тазаланып,

топурак түшүрүлүп түздөлдү. Эске салсак, бул жердеги ирригациялык тармак пайдаланууга жараксыз болуп калган.

Жакында арыктар реконструкцияланып, сугат иштери толугу менен жүргүзүлөт.

Жумуштарды «Бишкекжашылчарба» ишканасынын кызматкерлери ишке ашырууда.