Ордо калаада быйыл автоматташтырылган акылуу парковкалар ишке кирет

Ордо калаада быйыл автоматташтырылган акылуу парковкалар ишке кирет. Мэриянын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө шаар аймактарга бөлүнгөн, биринчисинде унаа токтотуу акысы саатына 40 сомду түзсө, экинчисинде 20 сом. Система ишке кирген соң, биринчи аймактагы тариф 10 сомго төмөндөсө, экинчисинде 5 сом болот.

 

Биринчи аймакка Айтматов, Жибек Жолу проспектилери, Ибраимов, Ахунбаев көчөлөрү кирет. Экинчиси Фучик, Түштүк Магистраль жана Алмата көчөлөрү менен чектелет. Бишкектин калган көчөлөрү үчүнчү аймак болуп эсептелет.