Баткенде күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Сейсмология институтунун маалыматына караганда, силкинүү эртең мененки саат 09:45те болду. Жер титирөө Кадамжай районунун Кара-Дөбө, Кожо айылдарында 4 балл, Үч-Коргон, Котур-Булак, Ак-Булак айылдарында жана Кызыл-Кыя шаарында 3,5 балл, ал эми Чаувай, Караван айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалыматка ылайык, анда жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.