Кыргызстандын мектептерине жана китепканаларына 1,5 миллион балдарга арналган китеп тапшырылды

Кыргызстандын мектептерине жана китепканаларына 1,5 миллион балдарга арналган китеп тапшырылды. Окуу куралдары АКШ менен Билим берүү жана Маданият министрликтери бирге ишке ашырып жаткан  “Окуу мезгили” долбоорунун алкагында берилди.

 

Китептер башталгыч класстардын окуучуларына арналган. Долбоордун башкы максаты – балдарды жакшы материалдар менен камсыздоо жана окуу сапатын жакшыртуу.