“Келечек” жаңы конушунда бала бакчанын курулушу уланууда

“Келечек” жаңы конушунда бала бакчанын курулушу уланууда. Мектепке чейинки билим берүү мекемеси 100 балага чакталган. Анда музыкалык жана гимнастикалык ийримдер үчүн бөлмө, медициналык бөлүм, оюн залдары, ашканасы жана башка техникалык бөлмөлөр орун алат.

 

Долбоордун баасы 39 миллион сомду түзөт. Каражат шаар бюджетинен бөлүнгөн.