Жаңы окуу жылынын башталышы менен дагы 150гө жакын мектепте ысык тамак бериле баштады.
Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, ысык тамак 100гө жакын мектепке Дүйнөлүк программанын алкагында,
ал эми 50 мектепте ата-энелер тарабынан уюштурулду. Биринчи чейректе мектепке 1-класстын окуучулары гана баргандыктан,
249 мектепке байытылган ун жеткирилди. Белгилеп кетсек, өлкө мектептеринин 70 пайыздан ашыгы тиешелүү
техникалык жабдуулар менен камсыздалып, башталгыч класс окуучуларына ысык тамак берилет.