Кыргызстанда транспорт үчүн электрондук паспорт системасын киргизүү пландалып жатат

Кыргызстанда транспорт үчүн электрондук паспорт системасын киргизүү пландалып жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 1-ноябрынан тарта ЕАЭБге мүчө өлкөлөр бирдиктүү системага өтүшү керек.

 

Транспорт каражаттарынын электрондук паспортунда унаа туурасында бардык маалыматтар болот. Үлгүсү, модели, түсү, салмагы, чыккан жылы, кыймылдаткычтын көлөмү, кузовунун номери, күчү, шассиси жана vin-коду жазылат. Жалпысынан машине туурасында 100дөй маалымат топтолот.