Жалал-Абад шаарында санитардык талаптарды аткарбаган ишкерлерге айып салынууда. Калаанын вице-мэри Болот Узакбаев билдиргендей, буга чейинки оозеки эскертүүнү аткарбаган бир соода түйүнү кайра жабылды.
Жүргүнчүлөрдү беткапсыз ташыган машруттук таксилер, санитардык эрежелерди сактабаган кийим-кече дүкөндөрүнө 1 миң сомдон айып салынды. Шаар аймагында күн сайын атайын кызматтардын катышуусунда рейддер уюштурулат.