Бишкекте жол эрежелерин бузуулардан өлкө бюджети 84 миллион сомго толукталды

Бишкекте жол эрежелерин бузуулардан өлкө бюджети 84 миллион сомго толукталды. Жыл башынан берки маалымат менен милициянын Кайгуул кызматы бөлүштү.

 

Ага ылайык, январдан октябрь айына чейин 200 миңден ашык протокол түзүлгөн. Эң эле көп катталган бузуулардын арасында унааны мас абалында башкаруу жана айдоочу күбөлүгү жок жүрүү беренелери бар. 10 айда айып токтотмого 19 миң унаа киргизилди.