Ош шаарында Айт намаз борбордук аянтта өтөт

Ош шаарында Айт намаз борбордук аянтта өтөт. Бул тууралуу түштүк калаа мэриясынан билдиришти. Чечимди жергиликтүү бийлик кабыл алды. Майрамдык намаз 21-апрелде таңкы саат 7.30да башталат.

 

Белгилеп кетсек, кечээ Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы быйыл Орозо айт 21-апрелде белгиленерин жарыялады.