Жалал-Абад шаарында түнкү стационар ачылды.
Калаа мэриясынын маалыматына ылайык, убактылуу медициналык мекеме катары
Жалал-Абад мамлекеттик университетинин спорт залы тандалып алынды.
Ага шаар бийлиги тарабынан 5 даана кычкылтек концентратору жана
15 даана коргоочу формалар тапшырылды. 20 орунга ылайыкташкан
түнкү стационар кечки саат 8ден таңкы 8ге дейре ишин улантат.