Кыргызстан COVID-19 пандемиясы башталгандан тартып эл аралык донорлордон 338 миллион доллар алды

Кыргызстан COVID-19 пандемиясы башталгандан тартып эл аралык донорлордон 338 миллион доллар алды.

Анын басымдуу бөлүгү — насыя. Акчанын 207 миллион доллары сарпталды. Калган 131 миллион доллар

Улуттук банктын эсебинде турат. Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев белгилегендей,

коронавирус басаңдап калгандыктан акча калкты таза суу менен камсыз кылууга, жолдорду оңдоого,

ирригация системасына жана социалдык объекттерди курууга сарпталып жатат. Өкмөт буга чейин

тараткан маалыматка ылайык, чет өлкөдөн келген акчанын көбү пенсия, айлык жана жөлөк пул төлөөгө жумшалды.