Бишкектеги Шопоков көчөсү түндүк багытты көздөй бир тараптуу болуп өзгөрдү

Бишкекте бүгүнтөн тарта Шопоков көчөсү түндүк багытты көздөй бир тараптуу болуп өзгөрдү.

Милициянын кайгуул кызматы билдиргендей, кеп Киев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки тилке жөнүндө болуп жатат.

Жаңы эрежеге айдоочулардын ыңгайлашуусу үчүн инспекторлор алгачкы эки күндө протокол түзбөй, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.

Эске салсак, 17-августтан тарта Логвиненко жана Панфилов көчөлөрүнүн сегменттери бир тараптуу болуп калды.