УКМК Жаратылышты өнүктүрүү фондунда коррупциялык схема аныкталганын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин мурдагы орун басары И.Б.М., министрликтин Чүй облустук башкармалыгынын азыркы директору К.Т.К. кармалганын кабарлады. Аталган мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, алар «коррупциялык схема түзүүгө» шектелүүдө.

Долбоорлорду кароо жана аларды бюджеттен каржылоо боюнча эксперттик комиссиянын туруктуу мүчөсү болуп турган К.Т.К 15-июнда «Ак-Жол автожол» өткөрүү пункту аркылуу өлкөдөн чыгууга аракет кылуу учурунда кармалган.

Долбоорлорду тандоо жана комиссиянын кароосуна коюу боюнча эксперттик комиссиянын катчысы болгон И.Б.М. 18-июнда «Манас» эл аралык аэропортунан кармалган.

«Аталган адамдар комиссиянын мүчөлөрү акча бөлүштүрүүдө мамлекеттин кызыкчылыгына каршы жеке долбоорлорду алардын жеке кызыкчылыгы болгон жерде киргизип турушкан. Натыйжада аффилирленген чарба жүргүзүүчү субъекттерге өзгөчө ири өлчөмдөгү бюджеттик каражаттар мыйзамсыз бөлүнгөн жана эсептен чыгарылган», — деп жазылган маалыматта.

Шектүүлөр УКМКнын тергөө абагына камалды.

Шектүү тарап жана алардын адвокаттарынан комментарий боло элек.

Атайын кызмат 14-июнда «Кумтөр Голд» компаниясы бөлгөн акчадан 400 миллион сом туура эмес пайдаланылган деген шек менен «Жаратылышты өнүктүрүү фонду» уюмунун жетекчилиги кармалганын билдирген.

УКМК «фонддун жетекчиси Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп алып, пайда көрүү жана баюу максатында 400 миллион сомдон ашуун каражатты жаратылышты коргоо боюнча ар кандай уюмдарга тийиштүү экспертиза жүргүзбөстөн бөлүп берип койгонун, ал акча жеке бизнес уюштурууга жумшалып кеткенин» кабарлаган.