Элтон Джондун жеке буюмдары аукционго чыгарылды. Арасында ырчынын көз айнеги жана Yamaha музыкалык инструменти бар. Ошондой эле анын күйөрмандары ырчынын костюмдарын, сахна реквизиттерин алса болот.
Аукцион 21-февралда өтөт. Бул күнү жалпысынан Элтон Джондун 50 жеке буюму сатыкка чыгат, баалары 1,5 миң доллардан башталат.