Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүүгө берилип жаткан каражатты жана гуманитардык жардамды бөлүштүрүү үчүн атайын комиссия түзүлөт. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Комиссия курамына мамлекеттик органдардын парламент депутаттарынын жана жарандык сектордун өкүлдөрү кирет. Алар каражаттын туура багытталышына көз салат.