Бишкекте 14-майдан кийин жаанчыл болот

Бишкекте 14-майдан кийин жаанчыл болот. Синоптиктердин маалыматына ылайык, бүгүн жана эртең ордо калаада күн ачык болот. Алсак, учурда аба табы

26 градуска чейин көтөрүлгөн.

 

Түнкүсүн +18 градус күтүлөт. Ал эми бейшембиде аба-ырайы бузула баштайт. Күндүз жаан себелеп, кечкисин нөшөрлөп жааганга өтөт. 15-майдан күн суук болот, температура көрсөткүчү төмөндөйт.

 

Мындай туруксуз аба-ырайы майдын экинчи декадасына чейин кармалат.