Токтогул районундагы Арал стационардык постунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Токтогул районундагы Арал стационардык постунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул аба-ырайынын кескин өзгөрүлгөнүнө жана Ала-Бел ашуусунда кардын тынбай жааганына байланыштуу.

 

Бүгүнкү күндө Токтогул райондук жол кыймылынын кызматкерлери аталган аймактагы жаралган жол тыгындарын жөнгө салышып, жол тыгынын жараткан кээ бир оор жүк ташуучу унааларды атайын техникалар менен чыгарышты.