Лионель Мессинин ПСЖдан “Барселонага” өтүү боюнча чечим жакынкы арада кабыл алынышы мүмкүн. Май айында каталондук команда Мессини сатып алса, каржылык фейр-плей бузулабы же жокпу белгилүү болот.
Ушул мөөнөт дагы сүйлөшүүлөр процессинде чечүүчү аталат. Анын ортосунда, форвард өзү париждик клуб менен келишимди узартууга кызыктар эмес. Эске салсак, Месси ПСЖга 2021-жылдын август айында өткөн.
Ага чейинки карьерасын ал толугу менен “Барселонага” арнаган.