Кыргызстанга абанын сапатын аныктоочу мониторлор берилди

Кыргызстанга абанын сапатын аныктоочу 50 даана Clarity Node-S монитору өткөрүп берилди. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Жабдуулар «Алматы-Бишкек экономикалык коридору» демилгесинин алкагында борбордо жана ага жакын жайгашкан райондордо абанын сапатын жакшыртуу максатында сатып алынган.

«Көрсөтүлгөн жабдуулар Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология боюнча агенттигине берилет жана жаңы муундагы датчиктер өзүнө күн батареяларын, тышкы факторлордон коргой турган экранды камтып, реалдуу убакыт режиминде абанын сапаты тууралуу маалыматты Кыргызгидрометтин веб-сайтына жиберип турат», — дешти өкмөттөн.

Мониторлор катуу бөлүкчөлөр (РМ1, РМ2.5, РМ10) жана азот кычкылын жабдуулар аркылуу өлчөө менен Бишкек шаарынын абасынын булганышынын негизги булактарын, анын ар кайсы райондорундагы калкына тийгизген таасирин аныктоого жардам берет. Натыйжада, бул абанын сапатын жакшыртуу боюнча стратегияны иштеп чыгуу үчүн негиз болуп берет.

Буга катар мониторлор абанын сапаты калктын ден соолугуна тийгизген таасири жана анын себептери тууралуу маалымдар болууга көмөк берет.

 

Өкмөт аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Уран Ахметов Азия өнүктүрүү банкынын өкүлү, Кыргызстандагы банктын туруктуу өкүлчүлүгүнүн кеңсе башчысы Кэндис МакДейганга Бишкек шаарындагы абанын сапатын ченөөнү жакшыртуу боюнча көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.