Ош облусунда тойкананын ээсине сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык,
буга чейин Кара-Суу районундагы банкеттик залдын ээсине эки ирет эскертүү берилип
айып салынган жана ресторан 15 күнгө жабылган. Буга карабай, 7-июлда Фуркат айылында
жайгашкан тойкананын чайканасында тушоо кесүү тою өткөн. Аталган факты Кылмыш жана
жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери уланууда.