Бишкек менен Чүйдө бир сааттын ичинде катуу шамал болот

Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө жакынкы бир сааттын аралыгында күн күркүрөп, катуу шамал болушу ыктымал.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертти.

Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

Буга байланыштуу министрлик шаардыктарды этият болууга чакырат.

Кырсык катталган учурда «112» бирдиктүү номерине чалуу керек, байланыш акысыз жана күнү-түнү иштейт.