Акжол Махмудов мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти

19-апрелде Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында күрөш боюнча Азия чемпиондугу старт алды.

77 килограмм салмакта Акжол Махмудов алгачкы жүрүшүндө ирандык балбан менен кез келди.

 

Биринчи бөлүктө Акжол Махмудов пассивдүү күрөшкөнү үчүн партерге коюлуп, аны ирандык балбан аткара алган жок.

 

Экинчи бөлүктө Акжол Махмудов партерге ээ болуп, андан 7 упай алды. Андан кийин атаандашынын артына дагы бир жолу өтүп, 2 упай алды. Муну менен жалпы эсеп 9:1 болуп, Акжол Махмудов жеңишке жетти.

Азия чемпиондугуна 87 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Мелис Айтбеков алгачкы жүрүшүндө эле ирандык күчтүү делген Насер Ализаде аттуу балбан менен кез келип, 7:1 эсебинде жеңилип калды.