Баткендин үй-бүлөлүк медицина борборуна 9 тез жардам унаасы тапшырылды. Күтүлгөндөй, техника саламаттыкты сактоо уюмунун материалдык-техникалык базасын жакшыртып, биринчи медициналык жардамды алуу мындан дагы жеткиликтүү болот.
Өткөн жылы Баткен облусуна мамлекет тарабынан 8, демөөрчүлөр тарабынан 9 тез жардам унаасы тапшырылган. Аймактагы тез жардам унааларынын жалпы саны эми 53кө жетти. Буга карабай техникага муктаждык дале курч бойдон калууда.