Оштогу Бабур атындагы драма театрын оңдоо иштери сентябрда жыйынтыкталат

Оштогу Бабур атындагы драма театрын оңдоо иштери сентябрда жыйынтыкталат. Бул тууралуу Ошко иш сапары менен келген Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов имаратты оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышканы барганда айтылды.

 

500 көрүүчүгө эсептелген театрдын имаратын жаңылоо иштери өткөн жылдын сентябрында башталган, бул максатта өзбек өкмөтү 5 миллион доллар бөлүп берген.