Кыргызстан ушул жылы эл аралык донорлордон 9 миллиард 945 миллион сом алуу ниетинде

Кыргызстан ушул жылы эл аралык донорлордон 9 миллиард 945 миллион сом алуу ниетинде. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, каражат бюджетти колдоого багытталат.

 

Күтүлгөндөй, 663 миллион сомду Дүйнөлүк банк, 2 миллиард 210 миллион сомду Азиялык өнүктүрүү банкы жана 7 миллиард сомдон ашык Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү банкы берүүгө даяр.