Россия коронавирустан вакцинаны мурунга тамчылатма түрүндө чыгарды

Россия коронавирустан вакцинаны мурунга тамчылатма түрүндө чыгарды. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги Гам-Ковид-Вак деп аталган мурунга тамчылатма препаратын каттоого алды.

 

Ал улуттук эпидемиология жана микробиология борборунда иштелип чыкты. Вакцина «Спутник V» сыяктуу эле эки компоненттен туруп, аралыгы үч жумалык мөөнөттө мурун көңдөйүнө чачылат.