Улуттук банк доллар курсунун көтөрүлүшүнө таасир берүү аракетин улантууда

Улуттук банк доллар курсунун көтөрүлүшүнө таасир берүү аракетин улантууда. Өлкөнүн башкы каржы мекемеси кечээ бул жумадагы үчүнчү интервенциясын өткөрүп, 1 миллион 300 миң доллар сатты.

 

Америкалык валютанын куну 2 айдан бери серпилүүдө. Өткөн жумада ал дароо 2,5 сомго кымбаттады. Интервенциядан кийин кайра курс турукташып баштаган. Бирок эс алуу күндөрү доллардын куну кайра көтөрүлүп, 84 сом 50 тыйынга жетти.