Бекболот Мырзаназар уулу Казакстандагы турнирде жеңишке жетти

Кыргызстандыктар Казакстанда өткөн турнирде бир нече медалга ээ болду, жума күнү кыргызстандыктардын байге куржунуна дагы бир алтын байге түштү. Анын ичинде эки алтын медаль бар. Бүгүн, 5-июнда, эркин күрөш боюнча балбан Бекболот Мырзаназар уулу (61 килограммага чейин) финалда 11:0 эсеби менен казакстандык балбан Жасулан Таскулду утуп алды.
Бүгүн биринчи орунга Эрназар Акматалиев да ээ болду. Ал финалда казакстандык Родион Анчугинди утуп алды. 79 килограммга чейинки салмак категориясында Саякбай Усупов финалга чыкты, чечүүчү кармашта ал казакстандык спортчу менен кез келишет.