Бишкектин четиндеги 18 гектар айдоо жер социалдык мекемелерди куруу алдына өткөрүлдү.
Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Чечимди төрага Акылбек Жапаров кабыл алды.
Ага ылайык, Новопавловка айыл аймагындагы №484 контурда жайгашкан айыл чарба жерлери «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына трансформацияланат. Эске салсак, буга чейин министрлер кабинети ЖЭБ-2 аймагында жашаган тургундар үчүн
47 гектар жерди мыйзамдаштырган.